Президенттикке талапкерлердин 11и кылмыш жоопкерчилигине тартылган


Президенттикке талапкерлердин 11и кылмыш жоопкерчилигине тартылган

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 1-августтагы маалымат жыйынында талапкерлердин 11инде буга чейин кылмыш иштери болгонун, айрымдары эки ирет соттолгонун билдирди.

“Талапкерлер тарабынан бул өтө жоопкерчиликсиз көрүнүш болуп калды. Биздин мыйзамдар либералдуу, эл аралык стандарттарга жооп берет, соттуулугу алынып салынган жана жоюлгандар талапкер катары шайлоого катыша алышат”,- деди Нуржан Шайлдабекова.

Шайлдабекованын айтымында, 7 аял, 52 эркек президенттикке ат салышуу ниетин билдирди. Алардын ичинен 8 киши мамлекеттик кызматта, 7 киши коммерциялык уюмдарда, 29у бейөкмөт уюмдарда иштейт, 9у убактылуу иштебейт, 6 киши пенсионер.

Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алууну аяктады. Жалпысынан 59 киши президенттике ат салышуу ниетин билдирди.

Боршайком шайлоо бюллетенине кирчү талапкерлердин так тизмесин 10-сентябрда жарыялайт. Ага чейин талапкерлер кеминде 30 миң кишинин кол тамгасын, миллион сом шайлоо күрөөсүн жана кыргыз тилден сынак тапшырышы керек. Мындан сырткары талапкердин соттуулугу жок болуп, акыркы 15 жылда Кыргызстанда жашап-жашабаганы эске алынат. Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. 2011-жылкы президенттик шайлоодо талапкер болом деп 89 жаран арыз берген болчу.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты