​Конгресс Трампка импичмент жарыялоо үчүн иликтөө баштоо демилгесин көтөрдү

  • 5 лет мурун

Ал Трампты украин президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Конституцияны бузган деп айыптады.

Бул тууралуу шейшембиде Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси билдирди.

Буга чейин атайын кызматтын жашыруун өкүлү Трамп Зеленский менен сүйлөшкөн маалда ага басым жасап, 2020-жылкы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Жо Байденге каршы Украинада иликтөө жүргүзүүнү талап кылганын айткан.

Пелоси Конгресске аталган кызматкердин билдирүүсүнүн тексти менен таанышууга мүмкүндүк берилбей жатканын белгиледи.

Буга чейин Өкүлдөр палатасы менен катар Сенат дагы президенттин администрациясынан ал билдирүүнүн текстин берүүнү талап кылган.

Пелосинин айтымында, Трамптын ишмердүүлүгүн Өкүлдөр палатасынын алты комитети иликтейт. Эгер алар президент мыйзам бузган деген жыйынтыкка келсе, Өкүлдөр палатасында мамлекет башчыга импичмент жарыялоо маселеси боюнча угуулар өтөт.

Анда импичмент жарыялоо колдоо тапса, бул чечим сенаторлордун үчтөн экисинин макулдугу менен бекитилиши керек.

АКШнын тарыхында Сенат президентке импичмент жарыялоо чечимин бир дагы жолу колдогон эмес. Бирок 1974-жылы импичмент жарыялоо ыктымалдыгына байланыштуу президент Ричард Никсон кызматтан кеткен.

Трамп Зеленский менен болгон 25-июлдагы телефондук сүйлөшүүсүндө ага басым жасаганын четке кагууда. Ал сүйлөшүү достук маанайда өткөнүн далилдөө үчүн шаршембиде анын стенограммасын толук жарыялай турганын билдирди.

Трамп «Твиттердеги» баракчасы аркылуу Пелосинин билдирүүсүн сынга алып, алар сүйлөшүүнүн стенограммасы менен да тааныша электигин билдирди.

Булак:Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөттө: Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты