​Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев камалды

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев камалды.

Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев фейсбук баракчасында билдирди.

Адвокаттын айтымында, аскер прокуратурасынын тергөөчүсү 7-августта Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн ичинде болгон окуяга байланыштуу аны кылмышка шектүү деп тапкан.

7-августта Сагымбаев Атамбаевдин үйүнүн ичинде аны кайтарып турган. Ошол кезде беткап кийген кишилер Атамбаевли кармап кетүүгө аракет кылган.

“Беткапчан кишилер ким экенин экс-президент да, анын жансакчысы да билген эмес. Эгер мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерине атайын отряддын аскери келгени белгилүү болгон күндө да, ал экс-президентти кармап, алардын колуна салып бере алмак эмес. Себеби ал “объектти кайтарып турган жана бул милдет УКМКнын 9-кызматы тарабынан алынып салынган эмес” деди Замир Жоошев.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 20-октябрда Канат Сагымбаевди кызматынан бошоткондугу белгилүү болгон.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 136 кишиге жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты. 6 атайын жоокер барымтага алынды.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты