​Тышкы иштер министри Айдарбеков Колумбия университетинде лекция окуду

  • 5 лет мурун

КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун башкы ассамблеясынын 74-сессиясына катышуунун алкагында кечээ, 23-сентябрда, «Борбордук Азиянын ичинде жана айланасында кызматташтыкты өнүктүрүү тенденциялары: Кыргызстандан көз караш» аттуу темада АКШдагы Колумбия университетинин эл аралык жана коомдук мамилелер мектебинде лекция окуду.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

КР Тышкы саясий ведомство башчысы өлкөбүздүн демократиялык жетишкендиктери жөнүндө айтып өттү, Кыргызстанда жана региондо болуп жаткан маанилүү окуялар менен тааныштырды.

Борбордук Азияда болуп жаткан процесстер, чек ара көйгөйлөрүн чечүү, суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу, коопсуздук маселелери боюнча айтып берди.

Колумбия университетинин алдындагы Гарриман атындагы Россия, Евразия жана Чыгыш Европаны изилдөө институтунун директору А.Кулии иш-чаранын модератору болду.
Лекциядан кийин министр суроолорго жооп берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты