Бишкекте төрт эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө батир берилди (Видео)

Бүгүн, 24-сентябрда, Бишкекте төрт эм төрөлгөн эки үй-бүлөгө батир берилди. “Кыргыздын саны көбөйсүн, ар үйдө төрт эм төрөлсүн” деген аталыштагы иш-чара уюштурулуп, эки үй-бүлөгө батирди “КЖ групп” курулуш компаниясы ыйгарды.

Батир алып жаткан Сманов Азамат бул жаңылыкка кубанып жатканын билдирди:

Бишкекте төрт эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө батир берилди (Видео)

“Биз үйлөнгөндөн бери балалуу боло албай жүрдүк. Төрт жыл күткөндөн кийин ушинтип төрт эмдүү болуп отурабыз. Биринчи укканда кубанганымдан эмне дээримди билбей калдым. Аябай толкунданып, ыйлап да жүрдүм”дейт төрт эмдин атасы.

Ал эми 2015-жылы төрт эм баланы жарык дүйнөгө алып келген “Баатыр эне” Гүлайым Абдылдаева жолдошу да каралашып анчалык деле кыйналбаганын айтты:

“Төрт эмдүү болгонго чейин үч балалуу болуп калганбыз. 2015-жылы төрт эмдүү болуп аябай кубандык. Ар биринин мүнөзү айырмаланып турат. Бири шок болсо, бирси жоош. Азыр бала бакчага барып жатышат”дейт Гүлайым Абдылдаева.

Бишкекте төрт эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө батир берилди (Видео)

Эки үй-булөгө батир белек кылган “Кж групп” курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташов кыргызстандыктардын саны 10 млнго жеткенге чейин кийинки төрт эмдерге батир бериле берерин айтты:

“Бул жаңылыкты укканда абдан кубанып, жардам болсун деп эки үй-бүлөгө бир бөлмөлүү батир берем деп убада бергем. Мына, батирлер салынып бүтүп, бүгүн кирип жатышат. Кыргызстандыктардын саны 10 млнго жеткенге чейин жардам кылып батир бере беребиз. Буюрса, келечекте беш эм, алты эм эгиздер төрөлөт деп ишенем”деген оюн билдирди Ташов.

Ал эми бүгүнкү иш-чаранын уюштуруучусу Элнура Кулуева жаш үй-бүлөлөргө балалуу болууга стимул болушу үчүн бул иш-чараны уюштуруп жатышканын билдирди:

““Кыргыздын саны көбөйсүн, ар үйдө төрт эм төрөлсүн” деген аталышта бүгүн жакшы иш-чара болуп жатат. Өзүңүздөр байкагандай, Кыргызстанда төрт эм төрөлгөн эки гана үй-бүлө бар. Акыркы статистиканы карасак үч, төрт эм төрөгөндөрдүн саны азайып кетиптир. Кыргыздын саны көбөйсүн деп ураан алып чыгып жатабыз. Жаш-үйбүлөлөрргө жакшы шык болот деп ишенем” деди ал.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты