​5000 доллар доолаган милиция кызматкерлери кармалды

  • 5 лет мурун

23-сентябрда кечинде Ички иштер министрлиги Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен бирге Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Октябрь РИИБдин криминалдык милициясынын үч кызматкери, лейтенанттар К.Э., Т.Э., жана Д.Н.ны кармады.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин ички иликтөө кызматынын жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүлөрүнүн катышуусунда акыркысынан 1000 АКШ доллары табылган жана алынган.

16-сентябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматына Бишкек шаарынын Т.С. аттуу тургуну кайрылып, Бишкек шаардык Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын милиционерлери кылмыш ишин жабуу үчүн 5000 АКШ доллар талап кылып жаткандыгын билдирген.

Т.С. нын арызы экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренеси, пара талап кылуу боюнча катталган.

Андан сырткары Бишкек шаардык Октябрь РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты П.А. нын иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүү учурунда Т.С. аттуу жарандын иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши токтотулганы белгилүү болгон.

Тергөөдөн кийин милициянын төрт кызматкери кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты