​Нур-Султан: Жол кырсыгынан 23 киши жабыркады

  • 5 лет мурун

Казакстандын Нур-Султан шаарында автобус менен жүк ташуучу унаанын кагылышынан 22 жүргүнчү жана автобустун айдоочусу жаракат алды.

Бул тууралуу Нурсултан шаардык полиция департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 23-сентябрда, борбордук көчөлөрдүн биринде болгон. Жүк ташыган унаа негизги жолдо бараткан автоунаага жол бербей коюп, анын кесепетинен автобус менен сүзүшкөн.

Интернетте тараган видеодон автобустун алды жагы зыянга учураганын көрүүгө болот.

Автобустун айдоочусу ооруканага жаткырылды. 22 жүргүнчүгө медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө жиберилди.

Полиция кырсык боюнча тергөө башталганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты