Кыргызстан Эстониянын административдик-аймактык реформа тажрыйбасын үйрөнөт

  • 5 лет мурун

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана кыргыз делегация мүчөлөрү Эстониянын административдик-аймактык реформа жүргүзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча тажрыйбасын өздөштүрүүгө ниеттенишүүдө.

Эстонияда 215 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан 79 орган түзүлгөн.

Кыргыз делегациясынын мүчөлөрү өлкө парламентинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясында бир катар жолугушууларды өткөрүп, административдик-аймактык реформа жүргүзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү иштери менен таанышты.

Делегацияга Жогорку Кеңеш депутаттары Канат Керезбеков, Акылбек Жапаров, Таабалды Тиллаев жана тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты