Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам!

 

Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам!

Сариев мыйзамды сыйлоонун мыкты үлгүсүн көрсөттү!

Өткөн жумада Кыргызстандын президенттигине талапкер Темир Сариев шайлоо мыйзамына ылайык мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырган. Албетте, ал эне тилин эң мыкты билээрин көрсөтүп, жогорку баа алды. Бирок талапкердин тил сынагына катышышы башка бир окуя менен коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду.

Көрсө, шайлоо штабындагы эл менен жолугушуулардан колу бошобой, сынакка кирүү убактысы өтө жакын калгандан улам, Темир Сариев унааны өзү айдап сынак өтүүчү жерге жетип, жол чекесине токтото сала сынакка кирип кеткен экен. Албетте, бул жол эрежесин бузуу болуп саналып,  социалдык түйүндөрдө отургандан талапкердин бул жосунун кызуу талкууга алып жатып калышты. Ооба, мыйзам бардык жарандар үчүн бирдей, мыйзамда президенттикке талапкер тургай, президенттин өзүнүн жол эрежесин бузууга акысы жоктугу анык көрсөтүлгөн эмеспи. Бул жагынан алганда коомчулуктун аны сындоого толук акысы бар эле. Демек, ал мыйзам бузганы анык.

Ошондуктан ишмердигинин көп жылдарын дал ошол мыйзам чыгарууга арнап, Кыргызстандын  эркин демократиялык жана укуктук жактан күчтүү өлкө болушуна нечен мыйзамдарды жазган, мыйзамды туу тутуп жашаган Темир Сариев өзүнүн катачылыгын дароо мойнуна алды. Тил сынагынын эртеси эле ал коомчулуктан гана кечирим сурап тим болбой, өзү МАИнин инспектору, милициянын капитаны Чыңгыз Мамытовго жолугуп, жол эрежеси бузгандыгы боюнча протокол менен таанышып, айып пулун төлөп келди. Албетте, бул анын мыйзамды сыйлоонун жогорку үлгүсүн көрсөткөнү — Мыйзам алдындагы жоопкерчилигинин бийиктиги!

Бирок “кой аксагы менен миң” демекчи, коомчулуктун арасында түшүнүгү тар, ичине койдун корголу айланбаган көрө албас, анан да өтө майдачыл адамдар арбын экен. Мына ошолор Темир Аргенбаевичтин жол эрежесин бузганын мойнуна алып, жоопкерчиликти тартканын “өзүн жарнамалоо” деп түшүнүп, ал тургай бул окуяны “жасалма болушу мүмкүн” деп жазып жиберишти. Анда буга чейинки Жогорку Кеңештеги бийликчил партия депутаттарынын жол эрежесин одоно бузгандыгы тууралуу тасмаларды эмне дейбиз?

Маселен, алар мандатына манчыркагандар жол эрежесин бузганын мойнуна алып, МАИлерден сылык кечирим сурап, мыйзам алдындагы жоопкерчилигин тартышкан эмес. Тескерисинче, чоңдугуна салып, кызматын кыянат пайдалануу менен өз ишин жасап жаткан МАИнин инспекторлорун тоготпой, документтерин көрсөтпөй, өздөрүнүн мыйзамга карата мамилесин айкындап коюшкан. Анысы аз келгенсип, башкаруучу партиянын бакандай депутаты Өзгөндө МАИ кызматкерлерин коркутуп, сөгүп, итиреңдеп чыкканы интернетте “топ жарганы” да эсибизден эч кете элек.

Мына ушул ракурстан алып карасак, Темир Сариевдин адамдык да, жарандык да карманган принциби, мыйзамды сыйлагандыгы, коомдук ишмер катары башкаларга дайыма оң жагынан үлгү болууга умтулганы жогоркуларга салыштырууга да мүмкүн эмес бийикте турганын көрүүгө болот. Болбосо, мандаты болбосо дагы анын кыргызга сиңирген кызматы, калк арасында кадыр-баркы жетиштүү эмеспи. Жолдун четине токтомок тургай, кош сызыкты кесип өтүп кеткен күндө деле МАИ кызматкерлери “Темир Аргенбаевич, сиз белеңиз? Болуптур, экинчи кайталабаңыз ээ?!” деп, сылык узатып койо алмак.

Андыктан, келгиле, көзүбүздү да, сөзүбүздү да оңдоп, жакшыны жакшы, жаманды жаман деп так эле ажыратып айталы. Майдаланып, ушаланып, ушак-айың чыгарганды токтотуп, андай адамдардын азайышына шарт түзөлү. Кыргызда жакшы макал бар,  “жаман үкү мактанса жардан чычкан алдым дээр” деген. Ушинтип эле арабыздан чыккан мыктыларды, жакшыларды желкесинен жерге ныгыра басып, суу куйду, шылуун, жылма бирөөлөрдүн акчасына, байлыгына, бал тилине алданып жүрө беребизби?!

Тынчтык Алтымышев, эркин журналист

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты