​Финполдун аймактык кызматтары бюджетке 2 млн ашык сом кайтарды

  • 5 лет мурун

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын (финансы полициясы) Кемин жана Чүй райондору жана Токмок шаарынын бөлүмдөрү бюджетке 2 млн 514 миң 618 сом түшүрдү.

Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Финансы полициясынын Чүй, Кемин райондорунун жана Токмок шаарынын кызматкерлери «ТД” жоопкерчилиги чектелген коому айлана-чөйрөнү коргоо боюнча салык төлөөдөн качып жүргөнүн аныктаган.

Анын натыйжасында мамлекетке 2 млн 514 618 сом төлөнгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты