​Улуу Британия элчиси Чарльз Гаррет Алыкулдун ырын айтты

  • 5 лет мурун

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет кыргыз тилин үйрөнүүгө аракеттенгени менен кыргызстандыктардын алкоосуна ээ боло баштады.

Бул жолу Чарльз Гаррет Таластан Алыкулдун ырын үйрөнгөнүн айтып, улуу акындын ырын окуду.

“Бар болгула, түгөнбөйлү, курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар.
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар”

Алыкул Осмонов.

Чарльз Гаррет Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси катары 2019-жылдын июнь айынан бери иштей баштаган.

Сүрөт: элчинин фейсбук постунан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты