​Мамлекеттик тил үчүн чуркоого мезгил жетти!

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 23-сентябрь Кыргыз тилинин мамлекеттик макам алганына 30 жыл болду.

Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) “Ынтымак” сейил багында “Мамлекеттик тил үчүн чуркоого мезгил жетти!” аттуу спорттук иш-чараны 21-сентябрда өткөрдү.

Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму тарабынан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынганынын 30 жылдыгын утурлай, интеллектуалдык менчик жаатында эмгектенген мамлекеттик кызматкерлер “Мамлекеттик тил үчүн чуркоого мезгил жетти!” деген ураан менен жөө жарышка катышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызпатенттин иш-чарасына күбѳ болуп, мамлекеттик тилдин мааниси жѳнүндѳ кайрылуу жасады.

“Эне тил бул ыйык түшүнүк, ал ар бир адамга эне сүтү менен сиңип, энедей эле кымбат. Бүгүнкү күндө өнүккөн мамлекеттердин деңгээлине жетүү үчүн жана атаандаштыкка жөндөмдүү болуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик тилден сырткары дагы башка тилдерди билүүсү зарыл, анткени дүйнөнүн өнүгүү тенденцияларынан биз артта калбашыбыз керек.

Ошону менен бирге, өз эне тилибизди кастарлап, унутпай ала жүрүүбүз керек, аткени кыргыз тили дүйнөдөгү башка мамлекеттик тилдердей эле көз карандысыз, өз алдынча тилдин статусун мындан 30 жыл мурда алган.

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны мамлекеттик тилди билүүгө тийиш. Бүткүл дүйнөгө белгилүү өлкө болуш үчүн мамлекеттик тилибиздин статусун жогорулатуу керек”, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргызпатенттин кызматкерлери жѳѳ жарыш, элдик ырлар жана улуттук оюндар боюнча сынактарга катышып,кѳрүүчүлѳрдүн купулуна толду.

Иш-чарага мамлекеттик тил боюнча комиссиянын, өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү, Кыргызпатенттин, интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун, Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын кызматкерлери катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты