Өспүрүм кызды өлтүрүүгө шектелип 20 жаштагы бала кармалды

  • 5 лет мурун

Чүй облусунун Кемин районунда 14 жаштагы өспүрүм кызды өлтүрүүгө шектелип 20 жаштагы бала кармалды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Облустук милиция тараткан маалыматка караганда, кыздын жакындары ал 20-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып 22-сентябрда милицияга кайрылышкан.

Бул окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында анын сөөгү Кемин шаарында кароосуз калган үйдөн табылган.

Кызды өлтүрүүгө шектүү катары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган 20 жаштагы бала кармалып, камакка алынды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал 20-сентябрь күнү кечинде мас абалында баратып, Кеминдин көчөлөрүнүн биринен кызды көргөн.

Аны күч менен алып барып, зордуктоого аракет кылган. Кыз каршылык көрсөткөндө аны урган. Кыз алган жаракатынан каза болгон.

Бул факт Жазык кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты