​Жээнбеков жана Путин «Доңуз» талаасынан жолугушту

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, «Борбор-2019» стратегиялык командалык-штабдык машыгууларына барды.

Оренбург шаарынын эл аралык аэропортунан Сооронбай Жээнбековду Оренбург облусунун губернатору Денис Паслер тосуп алды.

Андан ары Сооронбай Жээнбеков «Доңуз» машыгуу талаасына барып, ал жактан Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу тосуп алды.

Россия Президенти Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков «Донуз» машыгуу талаасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Кургак жер аскер топторунун жана Россия, Кытай, Пакистан, Индия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскердик түзүмдөрүнүн катышуусунда «Борбор-2019» аскердик машыгуулардын жүрүшүн алкагында биргелешкен практикалык иш-аракеттерин биргеликте көрүштү.

Чабуулга туруштук берүү, шарттуу каршылаштын күчтөрүнүн мизин кайтаруу, чабуулга өтүү жана душмандын башкы күчтөрүн талкалоо боюнча биргелешкен аракеттер көрүлдү.

Иш-чарага дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана «Борбор-2019» машыгуусуна катышуучу өлкөлөрдүн аскер атташелери катышты.

Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин ошондой эле согуштук жана аскердик техникалардын көргөзмөсүн көрүштү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты