​Жоошев: «УКМК Атамбаевдин жансакчысын кызматтан бошотту»

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев Улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынан бошотулганын Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев фейсбук баракчасында билдирди.

Жоошевдин айтымында, Канат Сагымбаев Алмазбек Атамбаевди видеороликте туулган күнү менен куттуктаганы үчүн кызматтан бошотулган.

-Кызматтан бошотууга кандай негиз болду? Канат Сагымбаев видеороликте Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаган,-деди адвокат.

Андан ары ал видеороликти Атамбаевдин уулу Кадыр даярдаганына токтолду.

-Бул куттуктоо видеороликти Кадыр Атамбаев августтун аягында эле даярдаган. Биз анда Канат экөөбүз Кой-Ташка окуя болуп өткөн жерди көрүүгө барганбыз. Ошондо Кадыр экс-президентти куттуктоону сунуштап калды.

Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкери макул болду. Ал эмне үчүн макул болду? Себеби 9-кызматтын ички тартибине ылайык, анын кызматкерлерине коомчулукка кайрылуу жасаганга, журналисттерге комментарий берүүгө тыюу салынат. Бирок бирөөнү куттуктоого, анын ичинде видео аркылуу куттуктоого тыюу салынган эмес, -деди Замир Жоошев.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты