​Салык кызматы “Түндүк” системасы аркылуу 18 мамлекеттик орган менен маалымат алмашууда

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик салык кызматы “Түндүк” электрондук өз ара аракеттешүү системасы аркылуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө 18 мамлекеттик орган жана ведомство менен маалымат алмашууда.

Бул тууралуу салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Бул жарандардын суроо-талаптарына маалыматтарды берүүдө кайталоону болтурбоого мүмкүндүк берет.

«Түндүк» каталогунда Салык кызматы тарабынан иштелип чыккан, жарандарга кызмат көрсөтүүдө башка мамлекеттик органдар пайдалана ала турган кеңири маалымат базасы жайгаштырылган.

Бул маалыматтардын катарында идентификациялык салык номери, ишкерлик ишти жүргүзүү, салык төлөөчүлөрдүн киреше салыгы, салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын бар экендиги тууралуу, юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик бюджеттин пайдасына иш жүзүндө төлөнгөн салыктар, салык төлөөчүлөрдүн саны, берилген патенттердин саны, юридикалык жакты каттоо жөнүндө активдүү патенттердин бар экенин текшерүү сервиси боюнча маалыматтар бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты