АКШ Москвага жаңы элчини жөнөтүүдө


АКШ Москвага жаңы элчини жөнөтүүдө

АКШ президенти Дональд Трамп шейшембиде көптөн бери күттүргөн Орусиядагы жаңы элчинин ысымын жарыялады.

Юта штатынын мурдагы губернатору, республикачыл Жон Хантсман мартта эле элчи болуу сунушун кабыл алган. Бирок Акүй Кремль менен макулдашуу керектигин билдирип, анын талапкерлигин Сенаттын расмий бекитүүсүнө жөнөтүүнү кечеңдетип келген.

The Washington Post өз булактарына таянып билдиргендей, Хантсман менен Орусиянын Вашингтондогу элчиси Анатолия Антонованын талапкерлигин жактыруу – бир маалда жүзөгө ашты.

Дипломатиялык фронттогу илгерилөөлөргө Трамп менен Путиндин “Чоң жыйырмалык” саммитиндеги сүйлөшүүлөрү түрткү бергендей.

56 жаштагы Хантсман 1992-1993-жылдары Сингапурдагы, 2009-2011-жылдары Кытайдагы Кошмо Штаттардын элчиси болгон.

Хантсман кытай тилин билет. Жети баласы бар, алардын арасында бирөө – асыранды кытай кызы. Хантсмандын үй-бүлөсү Орусия менен коммерциялык кызыкчылыгы бар химиялык ишканага ээлик кылат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты