Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү башталды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 19- сентябрда, Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү башталды.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Программа боюнча 19- сентябрда Баткен, Нарын, Ош облустары жана Бишкек шаары маданий программасын тартуулайт.

Ал эми эртең, 20-сентябрда, Талас, Чүй, Ысык- Көл облустары жана “Ала- Тоо айымдары” коомдук-экологиялык бирикмесинин театрлаштырылган оюн-зоок программалары сунушталат.

16-21-сентябрда Талас облусунда улуттук көчмөндөр оюндары өтүүдө.

Сүрөттөр: Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты