​ИИМ: Лейлектин жергиликтүү кеңеш депутаттары тергөөгө күбө катары чакырылган

  • 5 лет мурун

ИИМдин ыкчам кызматы тарабынан Тергөө кызматына Лейлек районунун Катран жергиликтүү кенешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев жана ошол эле жергиликтүү кеңештин депутаты Шайырбек Орозалиев тергөө иштери боюнча суракка чакырылган.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында алар күбө катары суралган.

Андан сырткары тергөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон бир нече киши да суракка чакырылышкан.
ИИМдин Тергөө кызматы билдиргендей, суракка алуу тыныгуусу менен 2 сааттай созулду.
Сотко чейинки өндүрүш боюнча зарыл болгон бардык тергөө иш-аракеттери талапка ылайык жүргүзүлүүдө.

Буга чейин коомчулукта Лейлек районунун Катраң жергиликтүү кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев менен жергиликтүү депутат Шайырбек Орозалиевди чек арада тажиктердин ок атып жатканын маалымдаганы үчүн суракка алып жатышат деген маалыматтар ЖМКга жарыяланган.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон.

Кыргызстандагы тажик элчиси С. Олимзодага Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 16-сентябрдагы чек арадагы окуя боюнча Тажикстанга нота тапшырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты