Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал: Өкмөттүн маалыматы ЖКда жабык эшик артында угулуп жатат

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеӊеште кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча өкмөттүн маалыматы жабык угулуп жатат

Жогорку Кеӊеште Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча Өкмөттүң маалыматы жабык эшик артында угулуп жатат. Депутаттар ушундай чечим кабыл алды.

Жыйынга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон.

Анын кесепетинен чек арачы каза болуп, бир топ жоокерлер менен жарандар жараат алган.

Кыргызстандагы тажик элчиси С. Олимзодага Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 16-сентябрдагы чек арадагы окуя боюнча Тажикстанга нота тапшырган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» өткөрмө-көзөмөл пунктунда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусу өтүп, маселени талкуулады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты