​Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерде тажик жарандары курулушту токтотту

  • 5 лет мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарда тажик жарандары курулуш иштерин токтотту.

Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Максат айылына жакын жердеги курулушту тажик тарап 16-сентябрдагы ок атыштан кийин токтоткон.

18-сентябрда Баткен районунун Жака-Өрүк аймагына жакын жердеги курулуш иштери токтотулду.

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин белгилеп, эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүнү улантып жатканын кабарлады.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Анда кыргызстандык чек ара жоокери каза таап, бир канча ондогон киши жаракат алган. Тажик тараптан да каза болгондор жана жарадарлар бар экени тууралуу маалыматтар жарыя болууда.

Кыргызстандагы тажик элчиси С. Олимзодага Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 16-сентябрдагы чек арадагы окуя боюнча Тажикстанга нота тапшырды.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» өткөрмө-көзөмөл пунктунда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусу өтүп, маселени талкуулады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты