​Опумбаев Кой-Таш окуясы боюнча комиссияны өтө жашыруун маалыматтар менен тааныштырды

  • 5 лет мурун

7-8-августта Чүй облусунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын имаратында көчмө жыйын өткөрүштү.

Кезектеги жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүнө документтер топтомун, анын ичинде «өтө жашыруун» делген маалыматтарды тааныштырды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Мамкомиссиянын кийинки жыйынына Жогорку Кеңешинин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, коомдук ишмер Турусбек Коеналиев, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди чакыруу чечими кабыл алынды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты