Жээнбеков Азия футбол конфедерация президенти менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-сентябрда, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Салман бин Ибрагим Аль Халифа менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Футболду өнүктүрүү жана аны өлкөдө мындан ары дагы кеңири жайылтуу боюнча пикир алмашуу болду.

Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында облустарда, шаарларда жана район борборлорунда спорт залдар жана жаңы спорт аянтчалары курулуп жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда Бишкек шаарында футболдук жана спорттук инфраструктура эскиргенин кошумчалап, борбор калаада футболду кесипкөй деңгээлге чыгаруу үчүн жаңы стадионду куруу боюнча пландар тууралуу айтып берди.

АФК президенти Салман бин Ибрагим Аль өз ара кызматташуунун пландары тууралуу айтып берди.

Расмий сүрөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты