Ооганстанда эки жардыруудан ондогон киши курман болду

  • 5 лет мурун

17-сентябрда Ооганстанда президент Ашраф Гани катышып жаткан жыйын маалында бомба жарылып, андан кеминде 24 киши курман болду, 31 адам жаракат алды.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Ашраф Ганинин жардамчысы президент өзү жабыркабаганын билдирди. Жардыруу Парван провинциясынын борбору Чарикар шаарында болгон. Ашраф Гани 28-сентябрга белгиленген президенттик шайлоого карата эл менен жолугушуу үчүн келген.

Жергиликтүү оорукананын башчысы Абдул-Касим Сангин курман болгондордун арасында балдар жана аялдар бар экенин билдирди. «Тез жардам унаалары иштеп жатат, курмандыктардын саны көбөйүшү мүмкүн», – деди ал.

Маалыматка караганда, жардыруу жанкечти тарабынан жасалган.

Бул арада полиция борбор калаа Кабулда болгон жанкечтинин жардыруусунан 22 адам ажал тапканын билдирди. Эки кол салуу үчүн тең «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды.

Буга чейин талибдер элди шайлоого катышпоого чакырып, жыйындар өткөн жерлерде жана шайлоо бекеттеринде кол салуу болорун эскерткен.

Өткөн аптада Кошмо Штаттар менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөр токтотулган. Сүйлөшүүлөргө ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү катыштырылган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты