​Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча өкмөттүн маалыматын угат

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңеш бүгүн, 18-сентябрда, саат 14:00 дө кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча өкмөттүн маалыматын угат.

Ошондой эле депутат Кожобек Рыспаев 16-сентябрда, Лейлек районунун Максат айылында чек арадагы атышуудан каза болгон Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө бир күндүк эмгек акысын которуу маселесин көтөрдү.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон.

Кыргызстандагы тажик элчиси С. Олимзодага Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 16-сентябрдагы чек арадагы окуя боюнча Тажикстанга нота тапшырды.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» өткөрмө-көзөмөл пунктунда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусу өтүп, маселени талкуулады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты