Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча бийликти сындады (Видео)

Коомдук ишмер Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча 17-сентябрда бийликти катуу сындады.

Мадумаров кайрылуусунда мындай деди:

—Ушул окуяларды болтурбай коюу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Биринчи -Кыргыз Республикасынын бийлиги ошол жерге колунан иш келген азаматтарды кызматка коюусу керек. Түк эч нерсени түшүнбөгөн, бул маселелер кантип, кандай жолдор менен чечилет- түшүнүгү жок, сабатсыз, бийликке жагынган инсандарды алып келип алгандын кесепетинен бир катар туура эмес иштер болуп келатат.

Мындан ары карай да күчөп кетиши мүмкүн. Кудай ошондон сактасын,- деди Адахан Мадумаров.

Андан ары ал айылдык кеңештин коңгуроо кагып келген депутаттарын суракка алып, коркутуп-үркүтүп жатканын жана бийликтин кээ бир инсандарды каралап, өздөрүн көкөлөтүп жатканын сынга алды.

—Кээ бир инсандарды каралоо, өздөрүн көкөлөтүү. Бул — ачуу чындык. Маалыматты так жана туура таратпастан, ар кандай ушактардын артынан жүрүп аткан бийликтин акыры жакшылык менен бүткөн эмес. Бир кишини жамандоо, бир кишини каралоо менен жакшылык таппайт, -деп белгиледи ал.

Мадумаров акырында элди биримдикке чакырды:.

—Ушундай учурда бир муштумга биригишибиз керек… Элдин, жердин тагдыры менен ойногон туура эмес болуп калды… . Ырылдашып бири-бирибиз менен айтышып олтуруунун ордуна касиеттүү кыргыз жерибизди сактап калууга чакырам! -деди Мадумаров.

Кененирээк видеодо.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болду. Бир канча киши жаракат алды.

Учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунда жүрөт. Ал 17-сентябрда эртең менен аскердик учак менен барган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты