​Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кеңешме өткөрдү

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков катышты.

Мамлекет башчы Баткен облусундагы чек ара участогунда чыр-чатак пайда болгондон баштап, толук ыкчам маалымат алып турганын белгиледи.

Кеңешменин катышуучулары Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат беришти.

Ок атуучу куралды биринчи болуп тажик тарап колдонгону дагы бир жолу белгиленди.

Жээнбеков мындан ары чыр-чатакты курчутпай, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ошондой эле жаракат алган жарандар зарылдыгына жараша Бишкек шаарындагы ооруканаларга алып келине турганы белгиленди.

Мамлекет башчы чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Президент кырдаалды жөнгө салуу эл аралык укук алкагында жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир канча жолу белгиленген мурда жетишилген келишимдердин негизинде жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты