5-6-класстар үчүн окуу китептеринин авторлорунан кайрылуу

Жалпы билим бреүучү мектептердин 5-6-класстар үчүн окуу китептеринин авторлору Президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковго кайрылуу жолдошту..

Кайрылууда алар авторлор менен келишим мыйзамсыз түзүлгөндүгүн жана эмгеги үчүн акыны толук албай жана сый акыдан куру калышканын билдиришкен.

Кайрылуу (Толук тексти)

Биз, авторлор, 2016-2018-жылдар аралыгында Билим жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган окуу китептеринин ачык конкурсуна катышып, 5-6-класстардын окуу китептерин жана методикалык колдонмолорун (ОМК) жазуу менен эки жыл эмгектендик.

Окуу китептерин жазууда 5-6-класстардын окуу-методикалык комплекстерин басып чыгаруу боюнча жобонун негизинде иш алып бардык.

Окуу китептердин кол жазмаларын даярдоо, тандап алуу, экспертизалоо, апробациядан өткөрүү, анын жыйынтыгы боюнча кол жазмаларга толуктоолорду киргизүү, түзөтүү жана басып чыгарууга даярдоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

Кол жазмалар Кыргыз билим берүү академиясынын тиешелүү лабораторияларында жана окумуштуулар кеңешинде бир нече жолу талкууланып, ар бир апробациянын жыйынтыгы, коюлган маселелери каралды.

Андан кийин басмаканалар, окуу китептердин эксперттери, атайын апробация өткөргөн жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдеринин сунуш пикирлери талкууланып, жогоруда аталган окуу китептери белгиленген мөөнөттө басмаканаларга өз убагында тапшырылган.

Бирок ошол эки жылдын аралыгында окуу китептеринин авторлору менен эмгек келишими түзүлбөй, качан түзүлөт, аны ким менен түзөбүз деген суроолорубузга так маалыматты бир да мекемелерден ала албадык.

Талап кылынган убакытта окуу китептерин тапшырып, азыркы күндө алар миңдеген тираж менен чет мамлекеттерден басылып чыгып, КР жалпы билим берүүчү мектептерине таратылгандыгы маалым.

Окуу-методикалык комплекстерди (5-6-класстын окуу китептерин) иштеп чыгуу үчүн 14 пункттан турган келишим 2018-жылы 23-майда түзүлгөн, (мисал катары “Музыка” окуу китебинин авторлору менен түзүлгөн келишим алынды).

Бирок “Билим-компьютер” ЖЧК башчысы Орускулов Тимур Раевич ал келишимди арткы дата менен 1-сентябрь, 2016-жыл деп кол койдурду. Мына ошол келишимдин 4-пунктунда “Исключительные имущественные авторские права на указанные УМК переходят Министерству образования и науки КР, неимущественные права остаются за авторами” – деп көрсөтүлгөн. Бирок миңдеген тираж менен басылып чыккан окуу китептерибиз үчүн биздин автордук сый акыбыз эч жерде көрсөтүлбөй, китептерди иштеп чыкканыбыз үчүн гана акы алдык.

Өкмөттүн 2003-жылынын 27-октябрындагы № 690 токтомунун “Автордук укуктар” боюнча жобосунда иштелип чыккан илимий, адабий, искусство чыгармаларына автордук сый (вознаграждение) төлөмүнүн өлчөмдөрү көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинде (“Автордук укук жана аралаш укук (смежные права), автордук сый төлөмдүн баасы жасалган эмгектин көркөм-эстетикалык баалуулугуна, иштин татаалдыгына байланыштуу атайын келишимдин негизинде аныкталат, бирок жалпы нусканын 10% (процентинен) кем эмес деп белгиленген.

Буга чейин 2011-2015-жылдардын аралыгында жарык көргөн 1-4-класстардын окуу китептерин жазган автордук топ автордук сый (вознаграждение) акыны алышкан, анда эмне себептен бүгүнкү күнгө чейин 5-6-класстардын окуу китептеринин авторлоруна ошол автордук акы төлөнүп берилбейт?

Мына, ушул жазгандарыбыздын негизинде авторлор Сизге төмөндөгү суроолор менен кайрылышат:

1. Эмне үчүн ар бир окуу-методикалык комплекстин авторлору менен өз убагында эмгек келишим түзүлгөн жок?

2. Эмне үчүн Билим жана илим министрлиги ар бир аткаруучудан өз кезегинде иштин жүрүшү боюнча маалымат алган жок?

3. Эмне үчүн Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде “Автордук укук жана аралаш укуктук (смежные права) автордук сый төлөмдүн баасы авторлор менен такталып көрсөтүлбөстөн, жалпы нускага жөнөтүлгөн?

4. Эмне үчүн Билим жана илим министрлиги авторлор менен эч иш алып барбастан, басмакана жетекчилеринин арткы дата менен түзгөн жалган келишимининин негизинде окуу китептерин интернет сайтына жайгаштырышты? (Караңыз lib.kg сайтын. Электронные версии новых учебников для 5-6 классов доступны).

5. Биз өткөрүп берип жаткан мүлктүк-автордук укук (имущественные авторские права) боюнча “Билим компьютер” ЖЧК басмаканасынын жетекчиси түзгөн жалган келишимдин жок дегенде көчүрмөсүн Билим жана илим министрлиги авторлорго көрсөтө алабы?

6. Басмаканын жетекчиси “Исключительные имущественные авторские права на указанные УМК переходит Министерству образования и науки КР, неимущественные права остаются за Авторами” – деген пунктту кайсы мыйзамдын негизинде келишимге кошту жана ким, качан кабыл алган мыйзам?

7. Эмне үчүн окуу китептерин орус тилине которуу иштеринде да арткы дата менен келишим түзүлүп, анын төлөмү эң төмөнкү көрсөткүчтө болду? Мисалы, 6-класстын “Музыка” окуу китеби 136 беттен турат, а төлөм болсо 16 590 сомго бааланды. Бул кайсы көрсөткүчтөрдүн негизинде бааланган?

8. Эмне үчүн бардык окуу китептер жер төлөлөрдө (подземные переходы), дүкөндөрдө бир нече жылдардан бери мыйзамсыз сатылууда? Ким китептерди чыгарып, сатыкка коюп кирешесин алууда?

Мына, ушулардын негизинде 5-6-класстардын окуу-методикалык комплекстердин (окуу китептердин) авторлору төмөндөгү талапты коёбуз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-октябрындагы № 690 токтомунун “Автордук укуктар” боюнча жобосунун 31-беренесинин негизинде жалпы нусканын 10% (процентинен) кем эмес автордук сый ар бир автордук топко төлөнүп берилсин.

Билим берүү жана илим министри катары бул көйгөйлүү маселени карап, туура чечим кабыл аласыз деген ишенич менен биз, авторлор, алгач кайрылып жатабыз.

Жалпы билим берүүчү мектептердин 5-6-класстар үчүн жазылган окуу китептеринин авторлору:

1. Үсөналиев Садык – Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор, 6-класстын «Кыргыз тили» окуу китебинин авторлошу.

2. Акматов Дамирбек – 5-жана 6-класстын “Көркөм өнөр” жана “Технология” окуу китептеринин авторлошу

3. Артыков Кадыралы – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, И. Арабаев атындагы КМУнун доценти, 5-6- класстын “Музыка” окуу китебинин жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолордун авторлошу.

4. Муратова Айнура Муратовна – И. Арабаев атындагы КМУнун ага окутуучусу, 5-6-класстын “Музыка” окуу китебинин жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолордун авторлошу.

5. Койлубаева Айгүл – филология илимдеринин кандидаты, доцент, 5-класстын «Кыргыз тили» окуу китебинин авторлошу.

6. Койлубаева Айнура – Кыргыз билим берүү академиясынын ага окутуучусу, 5-класстын «Кыргыз тили» окуу китебинин авторлошу

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты