​КСДП өкүлдөрү ИИМ тергөөсүнө чакырылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 16-сентябрда, Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгына суракка КСДП өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, ошондой эле Кундуз Жолдубаева, Роза Турксевер, Назгүл Мамытова чакырылды.

Криминалдык милиция Роза Турксевер аттуу айымды алып кеткендигин КСДП өкүлү Кундуз Ажыбекова билдирди. Анын себебин Ажыбекова эртең, 17-сентябрда, КСДП мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө байланыштуу иш-чараны өткөрүүгө байланыштырууда.

Алмазбек Атамбаевге өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылууда. Анын ичинде криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотуу боюнча да шектелип жатат.

Мурдагы президент Атамбаев 26-октябрга чейин УКМКнын абак жайында камакта болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты