Догоев: Биометрикалык паспортту бир катар банктар кабыл албай жатат


Догоев: Биометрикалык паспортту бир катар банктар кабыл албай жатат

Кыргызстандын бир катар банктары жаңы берилип жаткан биометрикалык паспортторду кабыл албай жатат.

Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев билдирди. Анын айтымында, банктар жаңы электрондук ID паспорттордогу чипти окуй алчу аппараттары жок экени менен түшүндүрүп жатышат. Учурда Каттоо кызматы 13 банк менен келишим түзгөн.

Быйыл 1-майдан тарта Кыргызстан биометрикалык паспортко өттү. Анда жарандын улуту картанын сыртына эмес, тиркелген чиптин ичине жазылган. Ушул күнгө чейин өлкө боюнча 102 миң адам электрондук ID паспортун алышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты