​“Баткенде анклавда калуу коркунучундабыз” дешет жарандар (Видео)

  • 5 лет мурун

Лейлек районунун Катыраң айыл кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев жана жергиликтүу башка депутаттар Баткен облусунун үч айыл өкмөтү тажиктер менен чек арада анклавда калуу коркунучунда турганын фейсбук аркылуу билдиришти.

-Лейлек району жана Баткен облусунун үч айыл өкмөтү чоң анклавда калганы турабыз. Лейлек районун жана Баткен районунун үч айыл өкмөтүн Кыргызстандан бөлүп турган Бишкек-Ош-Исфана трассасы жабылганы калды.

Себеби 275 метр талаш тилкеге тажиктер таш төгүп, пост курганы жатат. Ал жер тактала элек. Ал — кыргыздын тарыхый жери. Эгер ушул жерге пост салына турган болсо, биз анклавда калганы турабыз.

Лейлекке дагы тажиктер чек ара заставасын курганы жатат.

Тез арада ыкчам чараларды көрүш керек. Мыйзамсыз иштерди токтотуш керек,-дейт айыл кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Видео: ФБ колдонуучу Aybek Myrza.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты