​“Жашыл челлендж”: Убактылуу өкмөттүн күздөгү жашыл багы (Фоторепортаж)

Бүгүн, 14-сентябрда, 2010-жылдагы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Бишкектеги түштүк магисталдагы жаңы ачылган паркка бак тигишти.

Туштүк магистралдагы жаңы паркка экс-президент Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Кеңешбек Дуйшебаев, Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Элмира Ибраимова, Дүйшенкул Чотонов, Абдыганы Эркебаев, Исмаил Исаков, Иса Өмүркулов бак тигишти.

Биринчи сентябрдан баштап ал паркка 30 дан ашык үй-бүлө жана 15 уюм 300 дөн ашыкбак тикти. Алар каштан, мажүрүм тал, клён ж.б. дарактарды отургузду.

Өзүнүн атынан бак олтургузууну каалаган шаардыктар көп болууда. Бак олтургузаар алдында дарактардын мүнөздөмөсү менен бул жактан тааныша аласыздар деди мэрия. http://www.meria.kg/ru/post/19166.

Олтургузаар багыңарды сатып алаарда алдын-ала анын сүрөтүн WhatsApp-каналу аркылуу бул номерлерге жөнөткүлө : 0702 143696, 0709 399977. “Жашыл чарба» силерге консультация берет.

Бишкек мэриясы күзгү бак олтуруу 20-сентябрга чейин уланаарын билдирди.

Эми Бекназаровдун багы да пайда болот.

Исмаил Исаковдун багы кандай өсөөр экен?

Дүйшөнкул Чотоновдун багы

Кеңешбек Дүйшөбаевдин багы

Эмилбек Каптагаевдин багы.

Сүрөттөр: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты