Эртең “Ак илбирсти сактайлы!” аттуу марафон өтөт

  • 5 лет мурун

Эртең, 15-сентябрда, “Бишкек шаарынын жолунда “Ак илбирсти сактайлы!” аттуу марафон өткөрүлөт.

Бул тууралуу Nomad Sport компаниясы билдирди.

“Ак илбирсти сактайлы!” аттуу кайрымдуулук эл аралык марафону Бишкек шаарынын жолунда өтөт. Ага байланыштуу Панфилов, Абдрахманов, Байтик баатыр, Чүй жана Манас проспекттери, Эркиндик бульвары жарым-жартылай жабылат.

Борбор шаар мындай аянтты 1989-жылдан бери биринчи жолу бөлүп берип жатат.

Бул эл аралык кайрымдуулук марафону Nomad Sport компаниясы тарабынан Бишкек мэриясы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан Өкмөттүн колдоосу менен өткөрүлүп жатат. Марафондун демөөрчүсү –“Тойбосс” соода маркасы болуп саналат.

Кайсы көчөлөр жабылат?

14-сентябрда

Чүй проспектиси -Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин саат 7:00-18:00 чейин.

15- сентябрда

Абдрахманов көчөсү- Чүй проспекти, Байтик Баатыр көчөсү, Масалиев көчөсү- Байтик Баатыр көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин, Ч. Айтматов проспекти- Иманалиев көчөсүнөн жана Манас проспекти, Чүй проспекти марафонго бир саат калганда, саат 7:00до жабылат. Бирок ага кетчү башка жолдор ачык болот .

08:00 — 21,1 км чуркоо башталат

08:05 — 14 км чуркоо

10:00 — 5 км чуркоо

11:20 — 1 км чуркоо

Көчөлөрдүн ачылышы

08:20 – Чүй проспекти – Эркиндик бульварынан Абдрахманов (Совет) көчөсүнө чейин;

08:28 — Абдрахманов (Совет) Горький

08:43 – Байтик Баатыр (Совет) Ахунбаев көчөсүнө чейин;

08:55 — Байтик Баатыр (Совет) Масалиев көчөсүнө чейин;

09:11 — Масалиев (түндүк тарап) Совет көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;

09:25 — Байтик Баатыр көчөсү Иманалиев көчөсүнө чейин;

09:28 – Иманалиев көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин (Тынчтык проспектиси)

09:52 – Айтматов проспектисинен Масалиев көчөсүнө чейин (түштүк тарап) —

10:08 – Масалиев көчөсүндөгү тилке (түштүк тарап) Айтматов проспектисинен «Ала-Тоо» ресторанына чейин;

10:22 – Айтматов проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин;

10:35 – Айтматов проспектисинен Горький көчөсүнө чейин;

10:46 – Айтматов проспектисинен Москва көчөсүнө чейин;

10:51 – Айтматов проспектисинен Чүй проспектисине чейин;

10:55 — Чүй проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

11:00 – Чүй проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин;

12:00 — Панфилов көчөсүнөн Чүй проспекти Киев көчөсүнө чейин; Киев көчөсү-Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин;

Эркиндик бульвары –Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин ачылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты