​Калың жааган карда жайлоодо калган чабандар куткарылды

  • 5 лет мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы калың жааган карда жайлоодо калган чабандар, алардын үй-бүлөсү жана мал-жандыктары жакага түшүрүлуп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Жалал-Абад облусунда 8 чабан түшүрүлүп, болжол менен облус боюнча 10700 кой, 460 уй, 40 жылкы түшүрүлгөн. 8 жылкы 78 кой өлгөн.

Ошондой эле Чүй, Нарын жана Талас облустарынын тоодо калган малчыларын куткаруу боюнча иштер жүрдү.

Нарын облусу боюнча 4 чабан 2100 кою, 13 уй жана 60 жылкылары менен түшүрүлгөн. 3 жылкы 1 уй өлгөн. Ой-Кайың жайлоосунда 6 чабан, болжол менен жалпы 1487 бодо мал жана 9400 кой-эчкилери менен калган.

Талас облусунда куткаруучулар тарабынан аял, 5 жаш бала жана болжол менен 1200 кой 270 уй, 30 жылкы түшүрүлгөн.

Чүй облусу боюнча 8 чабан 3800 баш кой жана 150 жылкысы менен түшүрүлгөн. Анын ичинен 200 баш кой жана 4 жылкы өлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты