​Элчи Ибраимов Лукашенкого ишеним грамотасын тапшырды

  • 5 лет мурун

2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Беларустагы элчиси Эрмек Ибраимов Беларусь Президенти Александр Лукашенкого ишеним грамотасын тапшырды.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Лукашенко сөзүндө, ар бир дипломаттан мамлекеттер аралык мамилелердин мүнөзү гана эмес, өз ара ишеним жана түшүнүшүү маанилүү деӊгээлде байланыштуу экендигин белгиледи.

Эки тараптуу мамилелердеги артыкчылыктуу милдеттеринин бири бул ЕАЭБтин дараметин пайдаланып, товар жүгүртүүнү өнүктүрүү болуп саналат. «Акыркы эки жылдын ичинде өз ара соода жүгүртүүбүз 2,5 эсеге өсүшү буга күбө» деп кошумчалады Белорусь Президенти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты