​Батукаев боюнча иш менен таанышуу мөөнөтү узартылды

  • 5 лет мурун

Абак жайынан мыйзамсыз чыгарылган криминалдык төбөл Азиз Батукаев боюнча иш менен таанышууга адвокаттарга дагы беш күн кошуп беришти. Эми иш менен таанышуу мөөнөтү 16-сентябрга чейин узартылды.

Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди.

Слесарев бул мөөнөт да 27 томдук иш менен таанышып чыгууга жетишсиз экенин айтууда.

Буга чейин адвокат Замир Жоошев 27 томдук иш менен таанышууга 11-сентябрга чейин, өтө аз убакыт берилгенин айтып, сотко кайрылышарын билдирген.

Бул график боюнча адвокаттар 300-400 беттен турган 27 томду окуп чыгышы керек же күнүнө беш томдон туура келет. Мындай графикти чектөө боюнча Атамбаевдин адвокаттары сотко арызданат.

Сот алардын талабын канаттандырган жок. Бирок тергөөчү иш менен таанышуу убактысын 16-сентябрга чейин узартты.

Алмазбек Атамбаевге өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылууда, анын ичинде криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотуу боюнча да шектелип жатат.

Мурдагы президент Атамбаев 26-октябрга чейин УКМКнын абак жайында камакта болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты