Атамбаев: Түрк тилдүү элдердин жалпы орток тилге өтүүсү ишке ашпаган идея


Атамбаев: Түрк тилдүү элдердин жалпы орток тилге өтүүсү ишке ашпаган идея

— Өнүккөн Кытай, Жапонияны көрүп атпайбызбы. Аларга иероглифтери тоскоол болдубу? Латын арибисиз эле өнүгүшпөдүбү. Түрк тилдүү элдердин жалпы орток тилге өтүүсү да ишке ашпаган идея. Бир тууган хакас, алтай элин да карайлы. Алар шартка байланыштуу кошула албайт. Биздин тамырыбыз бир. Бул нерсени унутпашыбыз керек.

Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан форумга 12 өлкөдөн, 20дан ашуун элдин өкүлдөрү, тарыхчы, филолог, маданият таануучу (культуролог), антрополог, этнолог, лингвист жана фолклорду изилдөөчүлөр катышууда.

Анда Евразиядагы Алтай тектүү элдердин гуманитардык, тарыхый, этностук, тилдик жана маданий байланыштарын чыңдоого багытталган акыркы илимий изилдөөлөр, билим берүү жана маданий долбоорлордун жыйынтыктары талкууланат.

Форум 21-23-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантылып, анын соңунда биргелешкен декларация кабыл алынат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты