Суусамырда калың карда калган чабандарды көчүрүү улантылууда
- 5 лет мурун
Суусамырдын жайлоолорунда калын карда калган чабандарды көчүрүү иши бүгүн, 13-сентябрда, да улантылат.
10-сентябрда жайлоодон түшүргөн учурда 200 кой жана төрт жылкы Суумасыр ашуусунда өлгөн.
9-сентябрда калың жааган кардан улам Суусамыр айыл аймагынын Сандык, Сулуу-Төр, Тегерек-Кайың, Арамза жайлоолорунда чабандар мал-жандыктары менен тоодо калып калышкан.
10-сентябрда Сандык жайлоосунан 5 чабан 3500 баш кой менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Суусамыр айыл аймагына көчүрүлүп келинген.
Ошол эле күнү 500 баш кой жана 4 жылкыны түшүргөн учурда 200 кой жана 4 жылкы Сокулук ашуусунда өлгөн. Калган 300 баш кой Сокулук районунун Төш-Булак айылына жеткирилген.
11-сентябрда чабандардын боз үйлөрүн көчүрүп келүү максатында ӨКМ ыкчам тобу Жайыл районунан «Урал» унаасы менен Сандык жайлоосуна барып, чабандардын бир каттам тиричилик буюмдарын көчүрүп келишкен.
12-сентябрь күнү саат 08:00дө ӨКМ ыкчам тобу Сандык жайлоосунан эки боз үйдү Биринчи Май айылынын Жолго тилкесине саат 13:00дө көчүргөн. Ошондой эле үч чабандын үй-бүлөсүн Суусамыр айыл аймагынын имаратына алып келишкен.
Саат 16:00дө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жайыл райондук ыкчам тобу Арамза жайлоосун көздөй чыгып кетип, Суусамыр айыл аймагынын Тунук айылында жергиликтүү тургундун үйүндө түнөп калышкан.
Ал эми, 4 чабан 150 жылкысы менен Арамза жайлоосундагы күрткүдөн аман-эсен өтүшүкөндүгүн жана аталган жайлоодо болжол менен 7 чабан мал-жандыктары менен калып калганын телефон аркылуу кабарлаган.
Көчүрүү иш-чаралары бүгун, 13-сентябрда, да улантылыл жатат.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.