​Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков судьялык кызматка 9 талапкер боюнча соттор кеңешинин сунуштарына макулдук берди.

8 талапкер боюнча материалдарды соттор кеңешине кайтарып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков чыгарган жарлыктарга ылайык, дайындалган 9 судья милдетин өтөөгө төмөнкү сотторго жиберилди:

- Чүй облусунун Жайыл райондук соту: Чынара Саадабаева, Гүлхат Усакпаева;

- Москва райондук соту: Кубатбек Дубанаев;

- Панфилов райондук соту: Жылдыз Сайдылдаева;

- Сокулук райондук соту: Манасбек Кулмурзаев, Нурмат Самаков;

- Токмок шаардык соту: Урматбек Абдырахманов;

- Чүй райондук соту: Алтынай Шаршеева;

- Ысык-Ата райондук соту: Нурбек Тажибаев.

ЖаңылыктарКыргызстансотторжарлыкЧүй облусу