​Депутат Казакбаев: «Кадрлар эч нерсе чечпей калды»

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев бүгүн, 12-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандагы кадрларды тандоону сынга алып, кадрдык реформа жасоо керектигине токтолду.

—Убагында Иосиф Сталиндин «Кадрлар баарын чечет» деген сөзү совет убагында туулгандардын бардыгыбыздын мээбизге сиңип калды эле. Азыр бизде кадрлар эчтеке чечпейт, «начальник» гана чечет» деген сөз болуп калды.

Себеби кадрдык реформа жасамайынча, тилекке каршы Кыргызстанда эч нерсе өзгөрбөйт, -деди депутат.

Казакбаев мамлекеттик кадрлар кызматында комиссия мүчөсү болуп турганда, полиграфтан өткөн кадрлардын 99 пайызы «коррупцияга катышы бар» деп аныкталганын билдирди.

—Мен жакында эле мамлекеттик кадрлар кызматында оппозициядан комиссия мүчөсү болуп жүрдүм. Ал жерде кадрлар тесттен кандайча өтөт, кандай даярдалат, көп нерсени ал жерден билсек болот.

Бир гана нерсени айталы, полиграфтан өткөндө «сен коррупцияга катышкансыңбы же жокпу» деген суроо болот, ошол жерден өтүп жаткандардын 99 проценти катышкан жокмун» дейт. Полиграф «катышкан» деп көрсөтөт.

Бирок ал өтө берет, себеби бул ченем мыйзам турүндө эч кандай киргизилген эмес,-деп билдирди Казакбаев.

Ошондой эле кечээ жакында жактырылган билим берүү министринен келечектеги план, концепциясын сурабагандыгына токтолду.

—Кечээ биз жаңы билим берүү министрин дайындадык, Исаков Каныбек мырзаны. Ал билим берүү тармагында абдан тажрыйбалуу, жыйнактуу, активдүү адис..

Бирок Кыргызстандын тарыхында министрлерди саясий кызматка дайындап жатканда, өкмөт башчысына да канча жолу айтылды эле, орун басарды же министрди «кандай реформа жасайын деп жатасың, планынды концепциянды көрсөтчү» деп, ошону элге жарыялап койсок туура болот эле,-деди депутат Казакбаев.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты