Өзбекстанда «Атом энергиясын тынч максатта пайдалануу тууралуу» мыйзам кабыл алынды

  • 5 лет мурун

Өзбекстанда «Атом энергиясын тынч максатта пайдалануу тууралуу» мыйзам кабыл алынды.

Мыйзамга ылайык, өзөктүк курал жана башка өзөктүк жардыруучу заттарды чыгарууга тыюу салынат.

2017-жылы декабрда Орусиянын мамлекеттик «Ростатом» корпорациясы менен өзбек өкмөтү жарандык атом энергетикасы тармагында кызматташуу жөнүндө келишимге кол койгон.

2018-жылы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен атом энергетикасын өнүктүрүү максатында «Узатом» агенттиги түзүлгөн. Ушул жылдын аягында Өзбекстанда атомдук станция куруу тууралуу Шавкат Мирзиёев Орусия менен макулдашкан.

Долбоорго ылайык, «3+» муунундагы, 1,2 гигаватт кубаттуулуктагы эки энергоблокту 2028-жылга чейин куруу пландаштырылып жатат.

2018-жылы октябрда Орусия президенти Владимир Путин менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте видео байланыш аркылуу атомдук электр станциясынын курулушуна символикалуу түрдө старт берген.

Станциялар Жизак жана Навои облустарында салынары айтылган.

Өзбекстан урандын запасы боюнча дүйнөдө жетинчи орунда турат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты