​Бишкекте батут коопсуздугун эч бир мекеме көзөмөлдөбөйт (Видео)

Кырсыктуу окуялар

Бишкек шаарында балдарды ойнотуп, эс алдырып, көңүлүн көтөрө турган көптөгөн оюн-зоок жайлары бар. Алардын бири – батут жайлары. Бирок батут орнотулган жайлар кооптуу болууда.

​Бишкекте батут коопсуздугун эч бир мекеме көзөмөлдөбөйт  (Видео)


Бул журналисттик иликтөө Сabar.asia маалыматтык порталы менен биргеликте даярдалды

Алсак, ушул жылдын 9-июнунда Балыкчы шаарында катуу шамалдан улам батут ала салып кетип, андан үч жаштагы кыз алган жаратынан улам, 19-июнда Бишкектеги ооруканадан чарчап калды. Ал кыздын беш жаштагы агасынын буту сынды. Бул кырсыкта жалпысынан төрт бала ооруканага түшкөн жана акырында экөө ооруканага жаткырылган.

Батуттарга байланыштуу кылмыш иштери

Кыргыз Республикасынын Баш прокуратурасы бизге берген маалыматка ылайык, 2019-жылы балдар үчүн орнотулган батуттарга байланыштуу сотко чейинки 4 өндүрүш иши катталган.

“2019-жылдын январь айынан 22-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын аймагында балдар үчүн орнотулган батуттарга байланыштуу Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат системасына сотко чейинки 4 өндүрүш иши катталган. Бир киши каза болгондугу аныкталды. Жогоруда иштер бүгүнкү күндө өндүрүш абалында турат” деп билдирди Баш прокуратура.

Парктарда батутту эч кандай сертификаты жок эле иштетип жатышат

Борбор шаардагы Панфилов паркында үч батут иштетилип жатат. Анын экѳѳ талапка жооп бербейт. Батуттун четтери байланган эмес, бош турат. Мына ушундай кооптуу батутта балдар улам ойногону келип жатканын көрүүгө болот.

Иштетилип жаткан батуттун жели жетишсиз, жакшы үйлөнбөгөндүгү билинип турат.

Ата Түрк паркында төрт батут иштетилип жатат. Төртөөнүн бирөөнүн да четтери байланган эмес.

Ал эми Панфилов паркынын Ак үй тарабындагы батут төрт жагынан тең байланган эмес.

​Бишкекте батут коопсуздугун эч бир мекеме көзөмөлдөбөйт  (Видео)

Панфилов паркында Гүлбара Ибраимова уруксат сертификаты жок эле батут иштетип жатканын айтты:

-Ачык эле айтайын: эч кандай сертификатыбыз жок. Парктын жетекчилигинен уруксат алып эле иштетебиз, -деди ал.

​Бишкекте батут коопсуздугун эч бир мекеме көзөмөлдөбөйт  (Видео)

Батут коопсуздугуна ишкерлер өздөрү жооптуу

Батут коопсуздугуна жооптуу мекеме-уюмду издеп, Бишкек шаардык Экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясына, борбордун мэриясына караштуу Жер ресурстары башкармалыгына, шаардык башкы архитектурага, «Шаардык парктар» муниципалдык ишканасына, парктардын директорлоруна, муниципалдык мүлк башкармалыгына, Бишкек шаардык мэриянын өзүнө кайрылсак, бул инстанциялардын бири да батут коопсуздугуна жооп бербей турган болуп чыкты.

— Биз жерди ижарага бергендиктен, келишимде каралган гана талаптарды көзөмөлдөй алабыз. Мисалы, убагында ижара акысын алуу сыяктуу, — деди Жер ресурстары башкармалыгынын бөлүм башчысы Мирлан Ахметов.

Ата-энелер баласынын коопсуздугуна кандай карайт?

Бишкек шаарында Курманжан датканын эстелигинин жанындагы батутта баласын ойнотуп отурган шаар тургуну Шайырдан:

-Бул батут жерге байланган эмес экен. Балаңызды киргизип жатканда корккон жоксузбу?- деп сурадык.

-Мен аны көргөн жокмун. Жанында бак-дарактар бар экен. Биз карап турабыз да. Ошондуктан коркпой эле киргиздим. Башка эмне кылып алаксытабыз балдарды? -деп суроолуу карады шаар тургуну.

​Бишкекте батут коопсуздугун эч бир мекеме көзөмөлдөбөйт  (Видео)

Ишкер Алтынбек Бейшеналиев кокус кырсык болуп кетсе жоопкерчиликти мойнуна алууга даяр экендигин билдирди:

-Биз жеке менчик жерди ижарага алып, батут иштетебиз. Мисалы, жеке менчик эмес жерлер болсо, шаардык жер башкармалыгы аркылуу уруксат алынмак. Ай сайын 25 000 сом төлөп иштетип турабыз. Комиссиянын текшерүүсүнөн өткөн.

Жерди ижарага берүүгө Бишкекте үч жылга мораторий жарыяланган. Бирок батут баягыдай эле иштетилип жатат​Бишкекте батут коопсуздугун эч бир мекеме көзөмөлдөбөйт  (Видео)

Бишкек шаардык Жер ресурстары башкармалыгынын жеңилдетилген типтеги объекттер боюнча бөлүм башчысы Мирлан Ахметов бүгүнкү күнү Бишкекте батут иштетүүнүн өзү мыйзамсыз экенин айтты.

— 2019-жылдын 2-апрелинен баштап Бишкек шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жерди ижарага берүүгө мораторий жарыяланган. Мораторий үч жылга созулат. Жакынкы үч жылда эч бир батут ээсине жер ижарага берилбейт.

Ал эми техникалык коопсуздугун көзөмөлдөй албайбыз. Мурдатан бери келишим түзүлүп, мыйзамдуу иштетилип келген Бишкек боюнча үч батут бар. Бул сезондук болгондуктан, беш ай сайын келишим жаңырып турчу.

Эч ким менен жерди ижарага берүү үчүн келишим түзгөн жокпуз. Азыр иштетип жаткан батут ээлери биз менен келишим түзгөн эмес, — деди Бишкек шаардык жер ресурстары башкармалыгынын өкүлү.

Бишкекте иштетилип жаткан батуттардын саны тууралуу маалыматты эч ким бере алган жок. Биздин маалыматыбыз боюнча, Бишкектин Панфилов паркында — 3 батут, Ата Түрк паркында -4 , «Ала-Тоо» кинотеатры тарапта-1, Курманжан датканын эстелигинин жанында- 1, Ахунбаев-Магистраль көчөсүндө -1 , Эмен паркында-1, Жаш Гвардия бульварында -1, Аламүдүн базарында ж.б. иштетилип жатат. Айтор, бир нече ондогон батут иштетилсе, алардын үчөөнүн гана уруксаты бар. Калганы мыйзамсыз иштетилет.

Жогоруда айтканыбыздай, Бишкекте батут коопсуздугуна жооп берчү инстанция жок болуп чыкты. Шаар мекемелери убагында батут иштеткен ишкерлерден ижара акысын алуу жагына гана карашары маалым болду. Ал эми балдардын коопсуздугу деген маселени эч ким көзөмөлдөбөй турганын билдик.

Айгүл Молдоканова,

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты