​ИИМ: Каныбек Абдырахманов пара доолады деп мурда ак жеринен айыпталган

ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчылыгына милициянын подполковниги Каныбек Абдырахманов мурда пара доолады деп ак жеринен айыпталганын ИИМ билдирди.

Ички иштер министрлиги Каныбек Абдырахмановдун бул кызматка дайындалышынын чоо-жайын жана анын сот мурда жоопкерчилигине тартылган дегендерге жооп берди:

-Каныбек Абдырахманов ички иштер органдарынын катарына 1997-жылдын июлунан баштап кызмат өтөөгө киришкен. ИИМдин Академиясын аяктаган. 2004-жылдан тарта кылмыш иликтөө кызматында, 2011-жылдан бери Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүндө өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам кызматкери болуп иштеген.

Ал эми 2016-жылдан бери ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын бөлүмүн жетектеген, -деп билдирди ИИМ.

Ошону менен бирге ички иштер министрлиги Каныбек Абдырахмановдун 2017-жылы пара доолады деп ак жеринен күнөөлөнгөнүн белгиледи.

-2017-жылы ИИМдин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын алдындагы бөлүмдүн начальниги Каныбек Абдырахманов ак жеринен күнөөлөнгөн. 2017-жылдын 17-октябрынын түнүндө анын кол алдында иштеген ыкчам кызматкер С.К. улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалган.

Себеби пара алуу фактысы боюнча түшкөн арыздардын негизинде аны кармоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. Кол алдындагы кызматкер пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча шектелип жаткандыктан анын жетекчиси К.Абдырахманов да тергөө процессинин жүрүшүндө чакырылган.

Жагдай так жана толук териштирилбегендиктен кол алдындагы кызматкери менен кошо камалып кеткен.
Аталган жагдай кызмат абалынан пайдалануу жана пара талап кылуу менен кылмыш иши козголгон.

Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө К.Абдырахмановдун кызматтык кабинетинен, сейфинен жана жашаган үйүнөн да эч кандай далил буюмдарды таба алышкан эмес.
Тергөө аяктап, соттук процесстердин жүрүшүндө Каныбек Абдырахмановдун аталган пара алуу жана кызмат абалынан пайдалануу кылмыштарына эч кандай тиешеси жана катыштыгы жок экендиги такталган.

Ал эми кызмат абалынан пайдалануу, пара талап кылуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында С.Кдан тышкары башка үч кызматкердин Д.Д., У.Н. жана А.Кнын тиешеси бар экендиги аныкталган жана кармалып абакка камалган.

Алардын айрымдарына сот өкүмү чыккан, айрымдары боюнча ушул кезге чейин соттук териштирүүлөр жүрүүдө.
Ал эми Каныбек Абдырахмановдун аталган кылмыштарга эч кандай тиешеси жана катыштыгы жок экендигин Биринчи Май райондук соту, Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот да тактап, ал күнөөлөнгөн беренелер боюнча толугу менен акталган.

Ошол себептүү Жогорку Соттун чечиминин негизинде ал кайрадан өз ордуна келип ИИМдин криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү) бөлүмүнүн начальниги кызматында иштеп жаткан болчу.

Анын кызматтык ишмердүүлүгү, кесипкөйлүүгү ИИМ жетекчилиги тарабынан көңүлгө алынып, учурда ээлеп турган кызматына дайындагандыгын билдиребиз, — деп билдирди ички иштер министрлиги.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчылыгына жаңы дайындалган Каныбек Абдырахманов тууралуу маалыматтарда анын мурда сот жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу айтылып жаткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты