​Араванда Өзбекстан тосуп алган жерге жергиликтүү эл кайра чогулду

  • 5 лет мурун

Ош облусунун Араван районунун ТөөМоюн айыл округунунун тургундары Өзбекстан тосуп алган Керкидан суу сактагычынын айланасына 11-сентябрда кайрадан чогулушту. Бул тууралуу жеринен «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков кабарлады.

Чек аранын аркы бет тарабында көз мерчем менен алганда 35тей өзбек жоокери, бир нече аскердик техникалар жүрөт.

Анын айтымында, 20-30дай жергиликтүү жашоочу тосмолонгон жер Кыргызстанга караштуу экенин, Өзбекстандын жоокерлери кетишин талап кылышууда. Бул маселе бүгүн Ош шаарында талкууланат деп кабарланууда.

10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери аталган Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги участокту тосо баштаганы кыргызстандык тургундардын нааразылыгын жаратып, ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон. Мунун алдында Араван районунун Төө-Моюн айыл округундагы «Керкидан суу сактагычынын айланасын Өзбекстандын аскерлери тосуп алды» деген видеокабарлар тараган.

Жергиликтүү бийлик аталган тилке коңшу өлкөнүн башка аймагы менен алмаштырылганын, делимитациясы бүтүп, демаркациясы бүтө электигин билдирүүдө. Кыргыз тараптын жүйөсүндө тараптар толук макулдашкыча Өзбекстан зым жана белгилерди коюуга укугу жок болгон.

2015-жылы Аравандын аталган суу сактагычындагы 400 гектардай жерди Өзбекстан тосуп алганы кабарланып, жергиликтүү эл нааразылык акциясына чыккан. Анда тилке Өзбекстанга сатылып кеткени тууралуу кабар тараган. «Азаттыктын» кабарчысы жерине барып, элдин жана жергиликтүүлөрдүн да ойлорун угуп келген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты