​Кыргыз-өзбек чек арасы: Сүйлөшүүлөр жүрүүдө

  • 5 лет мурун

Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан участкасына кечээ, 10-сентябрда, Өзбекстан тарап аскер техникасын киргизген. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Өзбекстан менен чек арадагы абалды мындайча тушүндүрдү:

«Ал жакка кечээ өзбек тарап жол куруу үчүн техникасын алып барган. Ошонун айынан эл нааразы болгон. Бүгүн эки өлкөнүн өкмөттүк комиссиясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат» деди ал.

Өзбекстандын аскерлери Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги жерди тосо баштаганы кыргызстандык тургундардын нааразылыгын жаратып, ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты