Косинус 60 градус эмнеге барабар? Билим берүү министрлигине Каныбек Исаковдун талапкерлиги парламентте каралууда

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңеш депутаттары билим берүү жана илим министрлигине Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап жатат.

Билим берүү жана илим министрлигине талапкер Каныбек Исаковдун талапкерлиги Жогорку Кеңеште талкууланып жатканда, депутат Дастан Бекешев косинус 60 градус эмнеге барабар деп сураганда, ал суроого жооп бере алган жок.

«Менин билимим филологиялык, ошондуктан жооп бере албайм» деди талапкер.

«Мен жөн эле сураган жокмун. Бизде мектепте ушундай билим берет, таң каласың. Азыр 120 депутат, министрлер да ага жооп бере албайт. Ушундай билимдин кереги барбы?» деди Бекешев.

«Мен сизди түшүнөм. Мектеп программасы оптимизацияланып жана жакшырышы керек» деди Каныбек Исаков.

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова өкмөт сунуштап жаткан билим берүү министрлигине талапкер Каныбек Исаков Ош мамлекеттик университетинин ректору катары өзүн көрсөткөндүгү, уюштуруучулугу жогору экенин белгилеп өттү.

Жогорку Кеңеште талкуу учурунда Каныбек Исаковдун талапкерлиги билим берүү жана илим министрлигине талапкерлигин жактырылып жатат.

Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп келген. Ал 1969-жылы 4-июнда туулган.

4-сентябрда, Гүлмира Кудайбердиева билим берүү жана илим министри кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты