Баш прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча жарандардын кайрылуусуна жооп берди

  • 5 лет мурун

Кой-Таш айылынын тургундарынын кайрылуусуна Баш прокуратура жооп берди.

Баш прокуратуранын жообунда айтылгандай, Кой-Таш айылында 7-8-августта болгон окуя боюнча ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы тергөө ишин жүргүзүп жатат.

Анда кылмыш-жаза кодексинин 39, 130, 244, 264, 266-беренелери, киши өлтүрүүгө аракет, киши өлтүрүү, кишини барымтага алуу, массалык баш аламандык уюштуруу, бейбаштык боюнча иш козголуп, алар бир кылмыш ишине топтолгон. Н.Ф., К.А., С.К., Ж.А., Ш.М., К.Р., К.А., Б.Ф.,
К.И., А.А., К.А. аттуу жарандар камакка алынган жана үй камагына алынган.

Жогорку Кеңештин 8-августтагы токтому менен Кой-Таш айылындагы 7-8-августтагы абал боюнча Баш прокуратурага ал окуяларды объективдүү иликтөөгө көзөмөл жүргүзүү тапшырылган.

Аскер прокуратурасы ал ишти иликтөөгө алган.

Ошондой эле кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси боюнча да иш тергөөгө алынган. К.А. жана Д.П. аттуу жарандарга үй камагына алуу жана камакка алуу бөгөт чарасы каралган.

Ошону менен бирге жарандардын жамааттык кайрылуусунда айтылган ИИМ жана УКМК жооптуу кызматкерлеринин иш-аракеттери Аскер прокуратурасына тиешелүү юридикалык баа берүүгө жиберилди.

7-8-августта жарандардын жаракат алуу боюнча ИИМдин тергөө башкы башкармалыгына жиберилди, -деп айтылат Баш прокуратуранын жообунда.

7-8- августтагы Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишин козгоо боюнча баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго 1700 жаран кайрылуу жолдогон.

Кайрылууда 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн короосунда беткапчан кишилер кирип, тынч турган чогулган кишилерге ок атканы айтылат. Анын кесепетинен Н. Касымбеков, М.Мискенбаев, Д. Алманбетов ж.б. бир канча ондогон киши жаракат алгандыгы айтылган.

Ошондуктан аларга кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси, ден соолукка оор залал келтиргендиги, 139-берене, ден соолукка жеңил жаракат келтиргендиги, 190-берене, турак жай кол тийгистиги мыйзамын бузгандыгы үчүн, 150-берене, коркунучта калтыргандыгы үчүн, 151-берене, жардам бербегендиги үчүн, 244-берене, барымтага алгандыгы үчүн кылмыш ишин козгоону өтүнгөн.

Анда УКМК башчысы Орозбек Опумбаевге, “Альфа” түзүмүнүн башчысы жана ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге кылмыш иши козгоону, операцияны жеке өзү жетектеген Президент Сооронбай Жээнбековго чара көрүүнү жана мамлекеттик кылмыш жасагандыгы үчүн жоопко тартууну талап кылышты.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болгон. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетсе, кийин алардын саны 136 адамга жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапкан.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

13-августта Алмазбек Атамбаевге Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок- дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери боюнча маалымдама берилген.

Кийин Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо, «Форум» ишканасы, Кой-Таштагы үйү, жер тилкелери, тоо-кен ишканаларына лицензия берүү сыяктуу бир нече айыптар коюлду. Аскер прокуратурасы 14-августта Атамбаевди оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектүү катары, төрт эпизод боюнча айып койгон

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты