Тарых музейи жана ат майдан боюнча сот иши жылдырылды

  • 5 лет мурун

Тарых музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча сот иши жылдырылды.

Тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ат майдандагы коррупция боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сот отурумунун жылдырылышынын себеби — кылмышка шектелген Сапар Исаковдун саламаттыгына байланыштуу.

Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов мурдагы премьер-министрдин саламаттыгын чындоого бир жума сураганын айткан.Ошондон улам сот отуруму 24-сентябрга чейин жылдырылды.

Тарых музейин реконструкциялоо жана ат майданы боюнча кылмыш иши 2018-жылы жылы козголгон.

Анда экс-премьер-министр Сапар Исаковго, президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаевага, мамкурулуш жетекчисинин экс-орун басары Алмазбек Абдыкаровго, турак жай, жарандык курулуш департаментинин башчысы Шайбек Атамбековго, анын орун басары Улукбек Матисаковго, СМУ-3 ЖЧК учредители Айдарбек Мендеевге козголгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, бул иштердеги коррупциядан мамлекетке келтирилген зыян 240 млн сомду түзөт. Анын 101,6 млн. сому тарых музейинен, 145,9 млн. сому ат майданды оңдоодогу коррупциядан келтирилген зыян.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты