​Желим бөтөлкө үчүн атайын челек

  • 5 лет мурун

Бишкек мэриясы жаш ишкерлер менен бирдикте бош желим бөтөлкө үчүн атайын челектерди орното баштады.

Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Желим бөтөлкө салгыч бөтөлкөнүн формасында, инсталляция иретинде жасалган.

Атайын челекке шаардыктар бош желим бөтөлкөнү салса болот. Бийиктиги эки метр келген мындай идишке миңдей желим бөтөлкө батат.

Азырынча желим бөтөлкө чогулткучтун экөө борбордун түштүк магистраль тарабына коюлду.

Анын ичи толгондон кийин уюштуруучулар өздөрү ичин бошотуп алып кетип, бош бөтөлкөнү кайра иштетүүгө өткөрүшөт.

Жаш ишкерлер дагы 60 бош бөтөлкө салгыч жасатууну ойлоп жатат. Мындай челектин ар бири 7 миң сом турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты