Автокырсыктан каза болгондор 17 жашта болчу (Видео)

Бишкектин Айтматов проспектисинде 9-сентябрдагы автокырсыктан каза болгон төрт бала тең 17 жашта болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, андан тышкары кырсыктан жети киши жабыркады.

Жол кырсыгы болгон жерде ӨКМ беш куткаруучусу, ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу, «Тез жардам» кызматынын төрт бригадасы иштеди.

9-сентябрда «Шкода Октавия» машинасынын айдоочусу саат 14:50 Айтматов проспектиси менен түндүктү көздөй кетип баратып, карама-каршы тилкеде келаткан №129 үйдүн жанынан № 8 «Ясин» автобусу менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил машинедеги төрт киши ошол жерде мүрт кеткен.

Сүрөт жана видео: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты